Москвада миграция тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча кыргыз-орус биргелешкен жумушчу тобунун 17-жыйыны өттү
Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эмгек ишмердүүлүгү жана социалдык өнүгүү жөнүндө макулдашууну ишке ашырууда 1996-жылдын 28-мартындагы эмгек мигранттарын коргоо жана ага 2003-жылдын 22-сентябрындагы протоколу боюнча
келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн Кыргыз-орус биргелешкен жумушчу тобунун 17-жыйыны болуп өттү.
Кыргыз тараптын делегациясын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жетектеди. Жумушчу топтун отурумунун ишине Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар миграциялык кырдаалга, миграция чөйрөсүндөгү өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, Жылдыз Полотова “Анча чоң эмес административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн Россиянын аймагына кирүүнү жабуу боюнча чараларды либералдаштыруу, Кыргызстандын эмгекчи жарандарынын балдарын россиялык билим берүү мекемелерине жайгаштыруу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, Россиянын аймагында дактилоскопиялык каттоодон өтүүдөгү кыйынчылыктар жана Кыргыз Республикасынын аймагында миграцияга чейинки даярдык борборун ачуу сыяктуу көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурду.
Министр Кыргыз Республикасынын эмгекчи жарандарынын Россия Федерациясына кирүүдөгү жана чек ара көзөмөлүнөн өтүүдөгү кыйынчылыктарга, ошондой эле жарандардын аярлуу категориясын административдик мажбурлап чыгарып жиберүү менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрүнө өзгөчө басым жасады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жыйындын протоколуна кол коюшту.
2024-10-25