Эмгек министринин орун басары гендердик теңчилик жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди

 

Бүгүн, 29 – октябрда, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Европа союзу тарабынан каржыланган “Адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун, ошондой эле “Өнүктүрүү максатында жарандык катышуу” долбоорунун колдоосу менен 2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультацияларды өткөрдү.

Консультацияларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу        органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана гендердик саясат жаатындагы эксперттер катышты.

Министрдин орун басары бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын мурдагы улуттук иш-аракеттер планын ишке ашырууга да, жаңы планды иштеп чыгууга да катышарына ишеним билдирди.

“Иш-аракеттердин жаңы улуттук планы Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чараларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом үчүн стратегиялык багыт болуп калууга тийиш. Долбоордо климаттын өзгөрүшүнүн гендердик аспектилерине, Инклюзивдик өнүгүүгө жана санариптештирүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулат”, – деп белгиледи КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чынгыз Маматбек уулу.

Пайдалуу
Ссылкалар