Кыргызстанда социалдык контракт менен келишим түзгөн 34 жаран пайызсыз насыя алды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 34 жаран пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Эске салсак, Кыргыз Республикасында социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасы бекитилген. Программанын максаты – социалдык контракттын катышуучуларына мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү.
Ишкердик субъекти катары ишкердик демилгени ийгиликтүү ишке ашырган, ишкердикти 6 айдан кем эмес жүргүзгөндүгүн тастыктаган документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз кредит алуу үчүн программага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Пайызсыз насыя алуу иш чөйрөсү менен гана чектелбейт.
Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгени андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат. Катышуучулар пайызсыз насыя алгандан кийин 3 айдын ичинде жеңилдик алышат (ал төлөнбөйт), андан кийин 3 жыл бою бирдей үлүштө ай сайын төлөшөт.
Программага катышуу үчүн “Айыл Банк” ААКка жана “Элдик банкка”кайрылуу зарыл.
Возможно, это изображение деньги и текст
Пайдалуу
Ссылкалар