Эмгек министрлиги Жайыл стационардык мекемеси боюнча комиссия түздү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жайыл социалдык стационардык мекемеси тууралуу маалыматы чыккандан кийин министр Жылдыз Полотова стационардык мекемеге комиссия жөнөттү.
Эмгек министринин орун басары жетектеген комиссия жагдайды тактоо үчүн ошол жерге жөнөп кетти.
Комиссиянын курамына ошондой эле Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кирди.
Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомство кошумча маалымат берет.
Возможно, это изображение больница и текст
Пайдалуу
Ссылкалар