Эмгек министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргызстандын эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү “Эл дөөлөтү – Эмгек” Улуттук программасынын долбоору талкууланды
Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү “Эл дөөлөтү – Эмгек” Улуттук программасынын долбоору талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Эл аралык эмгек уюмунун эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча башкы адистери, улуттук эксперттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйба, көмүскө иш менен камсыз кылууну жол-жоболоштуруунун эл аралык практикасы, иш менен камсыз кылуунун активдүү чараларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Улуттук программаны ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана тобокелдиктер талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуунун алкагында мындан аркы кызматташуу боюнча чечим кабыл алынды.
2024-11-06