Араван районунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар кандай акы төлөнүүчү долбоорлорго 2 миңден ашык жумушсуздарды тартты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча жумушсуздарга жана аз камсыз болгон жарандарга жардам берүүнүн таасирдүү механизмдеринин бири акы төлөнүүчү коомдук жумуштар болуп саналат.
Жергиликтүү жамааттарды жакшыртуу боюнча иштер үчүн тартылган жарандар республикалык бюджеттен акы, же Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Эмгек үчүн азык-түлүк» долбоорунун алкагында акчалай каражаттарды жана азык-түлүк алышат.
Министрлик ишке орноштуруунун бул механизминин эффективдүүлүгүн Ош облусунун Араван районунун мисалында көрсөттү.
Жыл башынан бери райондо 57 долбоор ишке ашырылып, ага жумушсуздардын жана аз камсыз болгондордун ичинен 2 миңден ашык жаран катышып, анын ичинен 689 аялдар жана 46 ДМЧАлар. Бүгүнкү күндө ишке ашырылып бүткөн долбоорлордун эмгек акысы үчүн республикалык бюджеттен 478,1 миң сом, өнөктөштөрдөн 81 150 кг ун жана 8115 л май таркатылып берилди.
Алардын күчү менен Ош-Араван унаа жолу кеңейтилип, Достук айыл өкмөтүнүн Аччы, Жаңы-Арык айылдарына ичүүчү суу жеткирилип, Мангыт жана Кесек айылдарына каналдар казылды. 5 миң метр аянтка роза гүлдөрү отургузулуп, аймак көрктөндүрүлдү. Ошондой эле Жаңы-Арык айылында суу өткөргүч курулган.
Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 60 айымына киреше табууга жардам берүү максатында Достук айыл өкмөтүндө заманбап жана инновациялык тамак-аш даярдоо ыкмалары боюнча кыска мөөнөттүү окутуу уюштурулду. Ал эми Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Араван айылында тигүүчүлүк боюнча билим алышты.
2024-11-11