Бишкекте РФдагы миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдүн кыргызстандык эмгек мигранттарына тийгизген таасири талкууланды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Карылар үчүн ресурстук борбор” КБ менен өнөктөштүктө “Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдүн эмгек мигранттарына тийгизген таасири: негизги чакырыктар жана кесепеттер” деген темада миграция боюнча чоң коомдук Кеңештин жыйынын өткөрдү.
Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу келип чыккан заманбап чакырыктардын шартында бул иш-чара кыргызстандык эмгек мигранттарына тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
РФ ИИМинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Россиянын аймагында 350,9 миң кыргызстандык болгон, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 411,0 миң кыргыз жараны болгон.
Ошол эле учурда, 2025-жылдан тартып “Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” Федералдык мыйзамы Россия Федерациясында болуу тартибин бузган жана мыйзамдуу түрдө жүрүүгө укугу жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулуучу жоболор менен толукталып жатат:
• келүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарды чыгаруунун укуктук режими киргизилди;
• көзөмөлдөнүүчү адам түшүнүгү киргизилди,
• контролго алынган адамдардын реестри түзүлөт жана миграция чөйрөсүндө федералдык мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) чаралары аныкталат, көрсөтүлгөн режимдин чегинде колдонулат.
• ички иштер органдары айрым укук бузууларды жасагандыгы үчүн административдик чыгаруу чечимин (мурда соттор гана) колдонуу укугуна ээ болушат.
Миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов белгилегендей, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору, Эмгек министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү мигранттарга жүрүү эрежелерин так сактоо боюнча маалымат берип жатат.
“Биз 2025-жылга чейин Россия Федерациясында болуу статусун шайкеш келтирип, укуктук абалды жөнгө салуу керектигин түшүндүрөбүз. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө КР жарандары Улуу Британияда, Түштүк Кореяда, Перс булуңундагы жана Европа өлкөлөрүндө, ошондой эле Японияда иштей алышат.
Биз мыйзамсыз жана жөнгө салынбаган миграцияга каршы күрөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору бар, ал биздин жарандар менен түздөн – түз жана ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер менен жарандарды эмгек миграциясына даярдоо боюнча иш алып барат”, – деди ал.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын миграция чөйрөсүндөгү эксперттери катышышты.
России.
Пайдалуу
Ссылкалар