Эмгек министрлиги эмгек мигранттарына төлөнбөгөн айлыктын 40 млн сомун алууга жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, жыл башынан бери Министрликтин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгү Россия Федерациясында иштеген 573 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген.
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 40 330 000 рублди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 19 миллион рублга көп.
Мындан тышкары, Өкүлчүлүк тарабынан Кыргыз Республикасынын 9 жаранына өндүрүштүк жаракат алганына байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн компенсацияларды өндүрүү боюнча көмөк көрсөтүлдү. Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион рублдан ашты, бул өткөн жылга салыштырмалуу 74% га көп.
Возможно, это изображение деньги, отрывной талон и текст
Пайдалуу
Ссылкалар