«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 10 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 10 айында 49027 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 160, бир айда 4902 чалуу) түшкөн.

1597 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (404 же 25,3% жаш балдар, ал эми 1193 же 74,7% чоң кишилер), анын ичинен 1196 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 209 абонентке психологиялык консультация берилген, 192 кайрылуу мүнөзүнө жараша, компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1597 чалуунун ичинен эркектерден – 308 (19,3%), аялдардан – 885 (55,4%), эркек балдардан – 121 (7,6%), кыздардан – 283 (17,7%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 426 (балдар 8);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 246 (балдар 33);

– психологиялык жабырлануу менен –187 (балдар 133);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 141 (балдар 106);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 114 (балдар 14);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 110 (балдар 48);

– билим берүү системасы жөнүндө – 105 (балдар 9);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 50 (балдар 6);

– башка масалелер боюнча – 47 (балдар 15);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 43 (балдар 19);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 39 (балдар 5);

– медициналык жардам жөнүндө – 38 (балдар 3);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 36 (балдар 0);

– мектептеги рекэт жөнүндө – 9 (балдар 4);

– суицид жөнүндө – 6 (балдар 1).

47430 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 431 (27,0%);

– Чүй облусунан – 242 (15,1%);

– Ош облусунан – 134 (8,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 122 (7,6%);

– Ысык-Көл облусунан – 105 (6,6%);                

– Ош шаарынан – 62 (3,9%);

– Баткен облусунан – 61 (3,8%);

– Нарын облусунан – 38 (2,4%);

– Талас облусунан – 28 (1,8%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 374 (23,4%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

192 кабарланган билдирүүнүн ичинен 148 (77,1%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү, 35 (18,2%) – ички иштер органдарына,  ӨКМ – 8 (4,2%), Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына – 1 (0,5%) жөнөтүлгөн.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

192 кабарланган билдирүүнүн ичинен:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 10 факты анык болгон (3 үй бүлө РИИБна арыз менен кайрылган, 1 – мас абалдагы ата РИИБна жеткирилген, 4 бала үй бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 2 факты боюнча өспүрүм балдар туугандарына убактылуу камкордукка берилген, 3 үй – бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 2 факты боюнча абоненттер РЭСКМБ кызматкерлеринин үйгө келүүсүнөн баш тарткан, 19 факты аныкталган эмес, 12 каралууда;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 5 факты боюнча аялдар РИИБна арыз жазган, аларга коргоо ордери берилген, 2 факты боюнча аялдар күйөөсү менен жаңжалдашканбыз деген жүйө менен РИИБна арыз жазгандан баш тартышкан, 2 факты боюнча атасы жана балдары көзөмөлгө алынган, 1 мас күйөө РИИБна жеткирилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кызды апасы доктурга алып барган, 1 факты боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин аял балдары менен үйүнө кайтып келген, 3 факты аныкталган эмес, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 каралууда;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 1 факты боюнча балдар биологиялык атасына берилген, 5 факты боюнча балдар туугандарына камкордукка берилген, 1 факт боюнча балдар фостердик үй бүлөгө жайгаштырыдлган, 1 жашы жетелек кыз убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факты боюнча бузулган үй бүлө каттоого алынган, 1 факты боюнча качкан балдар интернат тибиндеги балдар үйүнө кайтарылган, 5 факты аныкталган эмес, 3 каралууда;

– суицид жөнүндө: 2 факты аныкталган эмес, себеби абоненттер мас абалда болгондуктан РИИБна жеткирилген, 1 адам Эрте кийлигишүү борборуна жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РЭСКМБнын кызматкерлери 54 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле турмушук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган, 1 абонент анын кайрылуусун кабарлоодон баш тарткан, 1 абонентке баланын майыптыгын аныктоого жардам көрсөтүлгөн, 2 факты боюнча үч өспүрүм бала интернат тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылган, 1 факты боюнча атасы жана өспүрүм менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин, бала үйүнө кайткан, 1 факт Балдар иши боюнча комиссиянын кароосуна киргизилген, 1 факты боюнча  кайыр сураган балалуу аял  менен түшүндүрүү иштерин жүргүгөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, себеби ал качып кеткен, 5 факты аныкталган эмес (мектепке барбаган өспүрүм кыз, мас абалдагы ата, ыйлаган балдар жөнүндө), 24 кайрылуу каралууда;

РИИБнын кызматкерлери тарабынан 35 үй бүлөгө жашаган жерине барып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн (1 жашы жете элек бала убактылуу борборго жайгаштырылды);

жардам берүү жөнүндө кайрылган 1 адам убактылуу борборго жайгаштыруудан баш тарткан, 2 абонентке милиция кызматы чакырылып берилген, бирок ал жашаган даректе болгон эмес жана байланышка кайра чыкпаган, 1 факты боюнча ӨКМнин куткаруу кызматы лифттен чыга албай калган балдарды куткарган, 1 факты боюнча жаш өспүрүм, 1 балалуу аял убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факты боюнча милиция кызматкерлери кароосуз калган баланын ата – энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, 2 факты боюнча өспүрүмдөр көрсөтүлгөн даректе болбой, чалууларга жооп бербегендиктен, алар менен РИИБ, ӨКМ кызматкерлери иш жүргүзгөнгө, жардам бергенге мүмкүнчүлүк болгон эмес, 2 кайрылуу аныкталган эмес (маскачан адамдардын коркутуусу жана кароосуз калган бала жөнүндө);

үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РЭСКМБнын кызматкерлери өспүрүм баланын апасы менен байланыша алган эмес (байланыш жеткиликтүү эмес болгон, ал эне өзү да байланышка кайра чыккан эмес), 3 факты боюнча РИИБнын кызматкерлери үй бүлөгө жашаган жерине барып, мас абалдагы атасы, аялы жана кызы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн, 1 факты боюнча апасынын балдарды бакканга, тарбиялаганга үй шарты жок болгондуктан, балдар атасы менен калган, 1 каралууда;

– билим берүү системасы боюнча: 1 факт боюнча мектептин директору мугалим жана ата – эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн;

– башка маселе боюнча: 1 кайрылуу боюнча Октябрь РСӨБ жашы жетелек – боюнда бар кызга баласы төрөлгөнчө көзөмөлгө жана контролго алган;

– мектептеги рэкет тууралуу: 1 буллинг фактысы аныкталган, жашы жетелек бала башка класска которулган, 2 факты боюнча ИДН жана РИИБнын тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2024 – жылдын 10 айында (1597 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2023 – жылдын 10 айынана (1843 чалуу) салыштырмалуу 13,3%га азайган.

Пайдалуу
Ссылкалар