Эмгек министрлиги мыйзамсыз миграциянын кесепеттерин түшүндүрдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Ош шаарында Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, жарандардын чет өлкөдө болуу тартиби жана жолго чыгуу алдындагы даярдыктар тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чарага Министрликтин аймактык (райондук) башкармалыктары, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы Тилектештик борборунун жана “Инсан-Лейлек”коомдук фондунун көмөгү менен социалдык кызматкерлер, социалдык педагогдор, жогорку класстардын окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн коопсуз миграция боюнча эки күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү.
Окутуунун алкагында эмгек жана миграциялык мыйзамдар, миграциялык процесстер жана мыйзамсыз миграциянын кесепеттери, ошондой эле жарандардын чет өлкөдө жүрүүсүнүн негизги эрежелери, реинтеграция жана кайтып келүүчү миграция маселелери каралды.
2024-11-15