Эмгек министрлиги жеке ишкерлер кайсы тармактарда ийгиликтүү бизнес ачып жатканын айтып берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Социалдык контракт” программасынын катышуучулары бизнес-долбоорлор үчүн кайсы багыттарды тандап жатканын айтып берди.
– 69,6% айыл чарба тармагында (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, балчылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы);
– 13,1% – кайра иштетүү өнөр жайы (тигүү, темир-бетон буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кургатылган жемиштерди чыгаруу, эмерек цехи жана майдалагыч);
– 7,0% – соода (чакан соода, дарыкана);
– 6,8% – кызматтарды көрсөтүү (коомдук тамактануу кызматтары жана таксилер, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, кондитердик өндүрүш, IT, сулуулук салондору, автодиагностикалык борборлор, массаж).
Кыргызстанда үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү
2024-11-19