Эмгек министрлигинде 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен кезектеги Коллегияны өткөрдү.
Коллегияда ар кандай багыттар боюнча аткарылган иштер боюнча отчеттор берилип, көйгөйлүү маселелер талкууланды.
“Акыркы жылдары социалдык чөйрөдөгү бир катар көйгөйлүү маселелер чечилди. Сандык көрсөткүчтөрдү карасак, министрликтин бюджети 2020-жылдан 2024-жылга чейин 86% га көбөйгөн.
“Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырууга эле 3,1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындан улам республика боюнча 31 миңден ашуун үй – бүлөнүн жашоо шарты жакшыртылды, жаңы жумуш орундары түзүлдү. Мындан тышкары, социалдык контракт долбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу, долбоордун катышуучуларынын ишкердик демилгесин андан ары өнүктүрүү жана аларга кошумча колдоо көрсөтүү максатында долбоордун катышуучуларын пайызсыз кредиттөө башталды. Жаштар стажировкасынын долбоору башталды, ал жаштардын ичинен 3 миң адамды камтыйт.
Бардык чөйрөлөрдө – эмгек жана ишке орноштуруу, миграция, үй – бүлөнү жана балдарды коргоо, майып адамдарды колдоо боюнча масштабдуу долбоорлор ишке киргизилди”, – деп маалымдады эмгек министри Жылдыз Полотова.
Быйылкы демилгелердин ичинен Эмгек министрлигинин башчысы жеке ассистенттердин кызматы үчүн акысын жогорулатуу жана жетим балдарга жардам көрсөтүүнү баса белгиледи.
“Быйыл “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди жана майыптарды колдоо алкагында жеке ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 23% га жогорулады”, – деди ал.
Жылдыз Полотова түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөргө биринчи кезекте Министрлер Кабинетинин 2024-2025-жылга карата иш-аракеттер планын толук кандуу аткаруу боюнча милдеттерди койду.
«Социалдык стационардык мекемелерде кызмат алуучуларды тейлөөнүн сапатына, тамак-аш менен камсыздоо маселелерине, социалдык кызматтардын даректүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучуларга өзгөчө көңүл буруу зарыл».
Жер-жерлерде калктын арыздары менен иш-теечу комиссиялардын иши контролдукка алынууга тийиш. Жергиликтүү кызматтардын мониторингинин натыйжалары тез арада берилиши жана жөлөкпулдарды дайындоо механизмин өзгөртүү боюнча сунуштар берилиши керек. Биздин алдыбызда МСЭКти мүмкүн болушунча санариптештирүү жана бардык процедураларды ачык-айкын кылуу милдети турат.
Коопсуз миграцияны камсыз кылуу үчүн жумушсуз жарандарды, биринчи кезекте аялдарды жана жаштарды ишке орноштуруу жана ишке орноштуруу боюнча активдүү иш-чараларды күчөтүү керек», – деп тапшырма берди Эмгек министри.
Коллегияга Министрликтин коллегия мүчөлөрү, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
2024-11-19