Бишкекте мектеп окуучуларына айына 200 миң сомго чейин айлык алган кесиптер көрсөтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова 9-класстын окуучулары менен биргеликте кесипке багыт берүүчү экскурсияга катышты.
Эмгек министрлигинин башчысы менен бирге мектеп окуучулары тигүү өндүрүшү – “Салкын” ЖЧКсына барып, эмгек шарттары, жеңил өнөр жай тармагындагы кесиптер менен таанышып, жумушка орношуунун келечеги тууралуу билишти.
Эмгек министрлигинин башчысы менен бирге мектеп окуучулары тигүү өндүрүшү – “Салкын” ЖЧКсына барып, эмгек шарттары, жеңил өнөр жай тармагындагы кесиптер менен таанышып, жумушка орношуунун келечеги тууралуу билишти.
Директордун орун басары Бектур Кубанычбековдун айтымында, мындай экскурсиялар иш жүзүндө ар кандай жумуш орундарындагы адистерге коюлган талаптар менен таанышууга мүмкүндүк берет.
“Баары юрист, экономист болом деп жатышат, алардын айлыгы 40 миң сом. Бизде дизайнерлер, конструкторлор бар, алардын эң аз айлыгы 90 миң сомдон 200 миң сомго чейин. Сатуу боюнча менеджер бар. Мисалы, 10 миллион сомго чейин буйрутма түшсө, ал 1% алат, башкача айтканда, анын айлыгы 100 миң сомду түзөт.
Анткени кадр маселеси-биз үчүн өтө маанилүү, биз Белоруссиядан дизайнер алууга аргасыз болдук. Кыргызстандан адистерди жалдасак жакшы болмок”, – деди ал.
Эмгек министри Жылдыз Полотова белгилегендей, акыркы жылдары жеңил өнөр жай тармагында жакшы динамика байкалууда. “Мисалы, аталган ишкананын 80-90% экспортко кетет. Өндүрүлгөн кийимдер мыкты сапатта, ошондуктан алар экспорттолот. Балким, бул экскурсиядан кийин бирөөңүз дизайнер же өндүрүш инженери болууну каалайсыз.
Бир гана жогорку окуу жайдан кийин эмес, ошондой эле кесиптик лицейлерди жана колледждерди аяктагандан кийин жакшы жумуш таба аласыз. Иштөө менен сиз көндүмдөрдү өнүктүрөсүз, жөндөмдүү адис болосуз. Биздин келечегибиз – силер Чыныгы ишканада ар кандай кесиптердин жана жумуш процесстеринин өзгөчөлүктөрү менен таанышууңуздарды каалайбыз. Кесип тандоону туура аныктоо маанилүү”, – деп түшүндүрдү ал мектеп окуучуларына.
Пайдалуу
Ссылкалар