Майыптардын Эл аралык күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин cтационардык мекемелеринде иш-чаралар өткөрүлдү

Бүгүн, 3-декабрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бардык социалдык стационардык мекемелеринде майыптардын Эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул күн майыптуулугу бар жарандарды колдоонун жана алардын социалдык интеграция маселелерине көңүл буруунун маанилүүлүгүн эскертет.
Бул иш-чаралардын негизги максаты инклюзия маселелерине көңүл буруу, майыптыгы бар адамдардын укуктары, муктаждыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле жылуулук жана колдоо атмосферасын түзүү болду.
Иш-чаралар маданий-көңүл ачуучу программаларды, спорттук мелдештерди жана башкаларды камтыды жана достук, өз ара түшүнүшүү атмосферасында өттү.
Коомдук иштерге активдүү катышкандарга, ошондой эле социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө жана колдоого салым кошкондорго ыраазычылык каттарын жана эстелик белектерди тапшыруу негизги окуя болду.
Коомдук иштерге активдүү катышкандарга, ошондой эле социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө жана колдоого салым кошкондорго ыраазычылык каттарын жана эстелик белектерди тапшыруу болду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова:
«Майыптуулгу бар жарандардын Эл аралык күнү – бул ар бир адамдын баалуулугун дагы бир жолу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Биз ар бир адам өзүнүн дараметин ишке ашыра ала турган жана коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезе турган чөйрөнү түзүүгө умтулабыз».
Министрлик иш-чараны уюштурууга катышкандардын бардыгына, ошондой эле баа жеткис колдоосу үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.
Пайдалуу
Ссылкалар