Кыргызстан келечектеги кесиптерге суроо-талапты болжолдоо системасына кызыктар
Бул тууралуу үстүбүздөгү жылдын 4-5-декабрында Ташкентте өтүп жаткан Европа Биримдиги каржылаган DARYA, долбоору боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууда Эмгек министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова билдирди. DARYA жогорку деңгээлдеги тобунун жолугушуусунун максаты бүткүл Борбордук Азияда эмгек рыногуна багытталган жана туруктуу көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү аймактык диалог үчүн платформанын жогорку деңгээлдеги тобун бекемдөө болуп саналат.
Жолугушууда белгиленгендей, эл аралык баалоолор боюнча 2025-жылга карата технологиялык өзгөрүүлөрдүн таасири астында жумуш орундарынын 4%ы жоголуп кетиши мүмкүн, 86% га жакыны трансформацияланат жана жумуш орундарынын 10% га жакыны башка көндүмдөрдү жана компетенцияларды талап кылган иштин жаңы түрлөрү менен көрсөтүлөт.
Өз сөзүндө Наргиза Туркебекова квалификациялуу жумушчу күчүнө болгон суроо-талаптын жогору болушу жана көндүмдөрдүн тез эскириши билим берүү жана кадрларды даярдоодо кескин өзгөрүүлөрдү талап кылаарын белгиледи.
«Биз башка өлкөлөрдүн квалификациялуу эмгекке, келечектеги кесипке болгон суроо-талапты болжолдоо системасын иштеп чыгуу жана колдоо боюнча тажрыйбасын үйрөнгүбүз келет. Кыргыз тарап да сертификация жана валидацияны изилдөөгө кызыкдар.
Эмгек министрлиги DARYA долбоорунун каржылык колдоосу менен эмгек рыногуна талдоо жүргүзүп, республиканын бардык аймактарында квалификациялуу жумушчу күчкө болгон суроо-талапты болжолдоодо, аны эмгек рыногу боюнча өнөктөштөр менен 2024-жылдын 13-декабрында талкуулоо пландалууда », – деп белгиледи Наргиза Туркебекова.
Кыргызстандын өкүлү ошондой эле иш менен камсыз кылуу тармагында жетишилген жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.
“Эки жылдын ичинде жумушсуздардын саны 19 миң адамга кыскарды, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 4,1% ды түздү. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 109 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Иш менен камсыз кылууга жана ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында Министрлик эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутууну, жаштарды кесиптик багыттоону камсыз кылып, чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон берет. Аялдарды жумушка орноштурууга, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштурууга, кайтып келген эмгек мигранттарын реинтеграциялоого өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди Н.Туркебекова
2024-12-05