«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын ноябрь айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1- ноябрынан 1 – декабрына чейин 4387 телефондон кайрылуу (бир суткада 146 чалуу) түшкөн.
120 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 35 же 29,2 % жаш балдар, ал эми 85 же 70,8% чоң кишилер), анын ичинен 93 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 16 абонентке психологиялык консультация берилген, 11 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
120 чалуунун ичинен: эркектерден – 19 (15,8%), аялдардан – 66 (55,0%), эркек балдардан – 5 (4,2%), кыздардан – 30 (25,0%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 26 (балдар 2);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 24 (балдар 0);
– психологиялык жабырлануу менен – 16 (балдар 15);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 11 (балдар 8);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 8 (балдар 4);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 8 (балдар 1);
– билим берүү системасы жөнүндө – 7 (балдар 0);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 5 (балдар 1);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 4 (балдар 1);
– башка маселелер боюнча – 4 (балдар 2);
– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 0);
– мектептеги рекэт жөнүндө – 2 (балдар 1);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 1 (балдар 0);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0).
4267 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 30 (25,0%);
– Чүй облусунан – 16 (13,3%);
– Жалал – Абад облусунан – 11 (9,2%);
– Ош шаарынан – 7 (5,8%);
– Ысык-Көл облусунан – 7 (5,8%);
– Ош облусунан – 6 (5,0%);
– Нарын облусунан – 2 (1,7%);
– Баткен облусунан – 2 (1,7%);
– Талас облусунан – 1 (0,8%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 38 (31,7%).