Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу КМШнын мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйынына катышты
2024 – жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу баштаган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү видео – конференц-байланышты колдонуу менен мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө Макулдашууга катышкан мамлекеттердин биргелешкен комиссиясынын жыйырма жетинчи отурумуна катышышты.
КМШга мүчө мамлекеттердеги миграциялык кырдаал, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча аныкталган каналдар жана Шериктештик өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын тажрыйбасы жана башка бир катар көйгөйлүү маселелер талкууланды. Катышуучулар миграция жаатындагы улуттук мыйзамдар, ошондой эле андагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат алмашышты.
2024-12-06