Эмгек министрлигинде жарандарды кабыл алуу болуп өттү
2024-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жарандарды кабыл алды. Анын жүрүшүндө жарандар МСЭК, балдарга жөлөкпул алуу, ЧАЭСтин майыптарынын акчалай компенсация өлчөмүн жогорулатуу боюнча жана башка маселелер боюнча кайрылышты.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, министрликтин деңгээлинде мындан аркы иштер жана чечимдер үчүн бардык кайрылуулар эске алынды.
2024-12-06