Алыскы бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган айылдардын үй-бүлөлөрүнө үчүнчү жана андан кийинки балдары үчүн жөлөк пул 2026 – жылдан баштап берилет
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап, алар 3 жашка чыкканга чейин, алардын социалдык-экономикалык абалына карабастан, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу дайындоо каралган.
Мындан тышкары, Мыйзамда «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилери белгиленген.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2024-12-07