Равшан Сабиров социалдык контракт программасынын катышуучуларына барды
12-декабрь 2024-жылы, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды мамлекеттик колдоонун алкагында ишке ашырылып жаткан социалдык контракт программасынын катышуучуларына барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр программанын катышуучулары тарабынан ишке ашырылган ийгиликтүү долбоорлор менен таанышты. Социалдык контракт Президенттин ишкердүүлүктү жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылууну өнүктүрүүгө максаттуу колдоо көрсөтүү жолу менен калктын аярлуу катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган негизги демилгелеринин бири болуп саналат.
Равшан Сабиров программанын жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, аны ишке ашырууну мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи: “Социалдык контракт жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө гана эмес, калктын экономикалык активдүүлүгүнө да өбөлгө түзөт. Биз бул колдоонун аркасында жарандар туруктуу киреше булактарын түзүп жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан реалдуу мисалдарды көрүп жатабыз”.
Министр ошондой эле Программанын катышуучулары менен маектешип, алар өз тажрыйбалары жана ийгиликтери жөнүндө айтып беришти. Назгүл Нааматбекованын үй-бүлөсү “Алынган каражатка автомобилдерди оңдоо үчүн керектүү жабдууларды (ширетүү, компрессор, болгарка, орбиталка, автомобилдерди оңдоо үчүн ачкычтар топтому) сатып алып, үйүнүн короосуна унаа оңдоочу жай ачып, учурда үйдөн унааларды оңдоп, ийгиликтүү иштеп жатканын айтты. Алардын кирешеси 40 миң сомду түзөт.”Ал эми Келдибек Каныбековдун үй-бүлөсү тигүү өндүрүшүнөн киреше алып жатканын билдиришүүдө. Муну менен алар жубайы экөө кошумча 8 жумуш ордун түзө алышты.
Социалдык контракт программасы айыл чарбасын жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдөн баштап, чакан ишканаларды түзүүгө чейин кеңири чөйрөнү камтыйт. Программа ишке ашырыла баштагандан бери республика боюнча 35 миңден ашык жаран аны пайдаланды, анын ичинен Бишкек шаары боюнча 597 үй-бүлөгө берилгенин», — белгиледи министр.
Социалдык контракт программасы калктын бакубаттуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү социалдык колдоонун маанилүү куралы катары өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүнү улантууда.
спублики.





2024-12-12














