Кыргызстандын эмгек рыногунда квалификациялуу жумушчу адистиктерге суроо-талаптын тенденциясы сакталууда
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун керектөөлөрүн талдоо” консультативдик кеңешинде билдирди.
Министр өз сөзүндө калктын иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү маселелери мамлекеттин экономикалык саясатында артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров эмгек рыногун өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууда. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бир катар тапшырмалар берилди. Дал ушул эмгек рыногун өнүктүрүү иш берүүчүлөрдө жогорку квалификациялуу адистерге суроо-талап пайда болгондо экономикалык жигердүүлүктүн өбөлгөсү болуп саналат.
Бирок бүгүнкү күндө республикада эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана региондордо экономиканы диверсификациялоонун жетишсиздиги байкалууда.
Региондордо эмгек рыногун өнүктүрүү экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жараша болот, бул иш берүүчүлөрдүн кадрларга болгон муктаждыгын калыптандырат. Аз өнүккөн региондордо жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылат, экономикалык жактан активдүү региондордо эмгек рыногу адистерге, анын ичинде тар профилдеги тартыштык компетенцияларга суроо – талаптын кеңейишине ээ”, – деди министр.
Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун керектөөлөрү боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын презентациялоонун жүрүшүндө бош орундардын түзүмү квалификациялуу жумушчу адистиктерге болгон муктаждыкты так белгилейт. Баарынан да кадрлардын жетишсиздиги тигүү өндүрүшүндө, өнөр жайда, логистикада, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө байкалат.
Мисалы, курулуш секторунда төмөнкүдөй адистиктерге суроо-талап жогору: инженер, ширетүүчү, экскаватордун машинисти, болот жана темир-бетон конструкцияларын монтаждоо боюнча монтажчы, курулушта автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь, архитектор ж. б.
Ошол эле учурда аймактарда экономисттердин, бухгалтерлердин, юристтердин, мамлекеттик кызматкерлердин саны арбын.
Консультативдик жолугушуунун максаты республиканын эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулоо болду. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча отчет жасалат.
Бул изилдөө Европалык билим берүү фондунун көмөгү менен, “Дарья”долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
2024-12-13