Эмгек министрлиги: Орусиядагы 618 кыргызстандыкка дээрлик 43 миллион рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жыл башынан бери Кыргызстандын 618 жаранына иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акыны алууга көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Көрүлгөн чаралардын аркасында кыргызстандыктар 42,9 миллион рубль эмгек акы алышты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 9 жаранына өндүрүштүк мертинүүгө байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн 5 миллион рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүүгө жардам көрсөтүлгөн.
Ал эми жалпысынан 2022-жылдын ноябрь айынан бери өкүлчүлүк 1132 жаранга төлөнбөгөн эмгек акысын жана 84 миллион рублдан ашык келтирилген зыяндын ордун толтурууга жардам берген.
2024-12-16