Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги: Чет элдиктерге уруксат берүү боюнча жаңы эрежелер киргизилди

2025-жылдын 1-январынан тартып жаңы эрежелер боюнча уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жобосу ишке ашырылат (“Бирдиктүү терезе”принциби боюнча). Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бардык процедуралар Evisa.e-gov.kg. веб-сайт аркылуу жеткиликтүү болот . (маалымат тел.: 0312603070, +996703428865).
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын өз убагында аткаруу максатында тиешелүү техникалык, программалык жана уюштуруу иш-чараларын өткөрүү үчүн, портал Ework.e-gov.kg 2024-жылдын 25-декабрынан тартып квоталарды жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот.
Ведомстводон билдиришкендей, бул жаңылык чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүнө жана эмгек ишмердигин жүргүзүүсүнө уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобонун бекитилиши менен байланыштуу.
Министрлик чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн талапкерлерин 2024-жылдын 25-декабрына чейин тиешелүү документтерди берүү/алуу жол-жоболорун аяктоого чакырат.
Возможно, это изображение больница и текст
Пайдалуу
Ссылкалар