Жогорку Кеңеш жаңы Эмгек кодексинин долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 18-декабрда жаңы Эмгек кодексинин жана аны киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
79 депутат бул долбоорго добуш беришти.
Жаңы редакциядагы Эмгек кодекси төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Иш берүүчү тарабынан эмгек акыны, эс алууга төлөмдү жана бошотуудагы эсептешүүлөрдү кечиктиргенде, төлөнө турган айып пулдун бирдиктүү өлчөмү 0,25% болуп белгиленет;
• Эмгек акы боюнча талаштарды чечүүдө доо коюу мөөнөтү 3 жыл деп белгиленди;
• Кечиктирилген карызды төлөөдө пайыздык ченге коюлган чектөө алынат;
• Эмгек акы иштин көлөмүнө, сапатына жана татаалдыгына жараша кесиптик стандарттардын негизинде аныкталат;
• Эмгек акы сааттык, айлык, кесиптик системалар аркылуу төлөнөт;
• Кыргызстандын бардык аймактарында квалификациясыз эмгек үчүн минималдык эмгек акы баскычтуу түрдө жашоо минимумуна жеткирүү принциптеринин негизинде белгиленет;
• Эмгек келишимин электрондук түрдө түзүү, жергиликтүү нормативдик актыларды киргизүү жана электрондук эмгек китепчесин жүргүзүү менен шарттары жөнөкөйлөтүлөт;
• Эмгек келишими боюнча тараптардын макулдашуусу менен аралыктан иштөө же аралаш түрдөгү аралыктан иштөө шарттары киргизилет;
• Аралаш аралыктан иштөө, улуттук квалификация алкагы, улуттук квалификация системасы, кесиптик стандарт, дуалдык окутуу ж.б. жаңы түшүнүктөр кошулду;
• Мамлекеттик кызматчылардын эмгек мамилелерине байланышкан маселелер жөнгө салынды – эмгек келишимин бузуу, жеке эмгек талаштары;
• Кош бойлуу аялдарды, эмчек эмизген энелерди оор жана зыяндуу шарттарда иштетүүгө тыюу салуу боюнча чаралар киргизилди;
• Инвалиддер жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча чаралар белгиленди;
• Мамлекеттик майрам күндөрүнүн жана иш эмес майрам күндөрүнүн санын кыскартуу; жаңы жылдык жана май айындагы эс алуу күндөрүн белгилөө;
• Дем алыш күндөрдү жылдыруу нормасын жокко чыгаруу;
• Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын чараларды киргизүү ж.б.
Жаңы редакцияда майрам күндөрү мамлекеттик майрамдар жана иш эмес майрамдар болуп бөлүнгөн.
Мамлекеттик майрамдар:
• 23-февраль (Ата Мекенди коргоочулар күнү),
• 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү),
• 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү).
Бул күндөр майрам күндөрү болуп эсептелет, бирок иш күндөрү катары калат.
Иш эмес майрам күндөрү:
• 8-март,
• 21-март,
• 5-май,
• 9-май,
• 31-август.
Бул күндөр иш күндөрү болбойт.
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү:
1, 2, 3, 4, 5, 6, 7-январь.
Май айындагы эс алуу күндөрү:
1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май.
Бул күндөр иш эмес күндөр болуп эсептелет.
Ай календары боюнча аныкталуучу “Орозо айт” жана “Курман айт” мусулман майрамдары жана 7- январь Ыйса Пайгамбардын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат
Ай календары боюнча аныкталуучу “Орозо айт” жана “Курман айт” мусулман майрамдары жана 7- январь Ыйса Пайгамбардын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат
Пайдалуу
Ссылкалар