Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 3-элдик курултайдын делегаттары менен жолугушуу өттү
2024-жылдын 18-декабрында, Эмгек министрлигинде Россия, АКШ, Германия, Канада, Корея, Түркия жана Европа өлкөлөрүндөгү кыргызстандык диаспора өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун төрагалыгы астында өткөрүлдү. Өз сөзүндө Б. Дарманкул уулу чет өлкөлөрдө жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылык билдирди жана иш-чаранын жыл сайын 18-декабрда белгиленүүчү Эл аралык мигранттар күнүнө туш келгенин белгиледи.
Делегаттарга министрлик тарабынан калкты жумуш менен камсыздоо, социалдык төлөмдөр, аз камсыз болгон жарандар үчүн «Социалдык контракт» долбоору, чет өлкөдө ишке орноштуруу, коопсуз миграция жана мигранттардын балдары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.
Ошондой эле чогулгандарга эмгек мигранттарын кайра интеграциялоо программасынын долбоору тааныштырылды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын эмгек миграциясында жүргөн жарандарынын эмгек укуктарын коргоо, балдарды мекенине кайтаруу (репатриация), «жүк-200» жеткирүү, чет өлкөгө сезондук иштерге кетип жаткан студенттер жана башка маселелер талкууланды.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, делегаттарга министрликтин өкүлдөрү өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмө беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында протокол түзүлүп, анын негизинде министрлик өзүнүн иш багыттары боюнча иштерди улантууга даяр экендигин билдирди.