Элдик Курултайдын биринчи күнү аяктады
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Үчүнчү Элдик Курултай өтүүдө. Бүгүн, 20-декабрда, анын ишинин биринчи күнү болуп өттү.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышты. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү келишти
Курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды кабыл алуу үчүн атайын бурч уюштурду.
Курултайдын биринчи күнүндө 39 кайрылуу туштү (13 жазуу, 26 оозеки).
2024-12-20