Курултайда Эмгек министрлигине жарандардан 59 кайрылуу келип түшкөн
Бишкекте 20-21-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда . Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн III Элдик Курултай өз ишин аяктады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине делегаттардан 59 кайрылуу (38 оозеки жана 13 жазуу) келип түшкөн.
Жыйында көтөрүлгөн негизги маселелер тышкы миграция көйгөйлөрү, «Үй-булөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо тартиби, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо, тактап айтканда, реабилитациялык борбор куруу, турак-жай менен камсыз кылуу, «Келечекке салым» балдар депозитин алуу маселелери жана башка актуалдуу социалдык темалар болду.