Курултайда Эмгек министрлигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров чет жердеги мекендештер менен жолугушту

Жолугушуу учурунда мекендештер Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн мүмкүн болгон пландар жана демилгелерди талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти. Алар Кыргызстандын социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлоруна катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Министр Равшанбек Сабиров Министрлик чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын идеялары жана сунуштарын угууга даяр экенин, ошондой эле өлкөгө пайдалуу боло турган демилгелерин колдой турганын белгиледи. Ал Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн бардык жарандардын, алардын жашаган жерине карабастан, күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Казакстандык мекендеш Төлөгөн Мураев Казакстан Республикасында Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу маселесин көтөрүп, ага Р.Сабиров өзүнүн жообунда мамлекеттик органдардын штаттык санын кеңейтүүгө учурдагы мораторий тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Министрлик бул маселени иликтеп чыгууга жана мыйзамга ылайык бул маселени кароого даяр экендигин билдирет.
Министр Равшанбек Сабиров министрлик чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктардын идеяларын жана сунуштарын угууга, ошондой эле алардын мекенине пайда алып келе турган демилгелерин колдоого даяр экенин белгиледи. Ал Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн бардык жарандардын жашаган жерине карабастан күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Чет өлкөдөгү мекендештерибиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн чоң эмгек потенциалына ээ. Министрлик дайыма диалогго жана кызматташууга ачык. Биз өлкөбүздөгү социалдык жана экономикалык абалды жакшыртууга жардам берчү демилгелерди колдоого даярбыз”, – деди министр.
Ошондой эле айрым агенттиктер жумушка орноштурам деп мекендештерибизден акча алып, бирок алдап жатышат, квотага байланыштуу маселелер боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Мындай учурлардын баарын чогуу иликтеп, тиешелүү чараларды көрүү чечими кабыл алынды.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, эки тарап да пикир алмашууну активдүү улантууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттеништи.
Пайдалуу
Ссылкалар