Эмгек министри Равшанбек Сабиров Актаудагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты
2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Актау шаарындагы авиакырсыктан жарандардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу жана көңүл айтуу үчүн Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барды.
Министр көңүл айтуу китебине бул трагедия жалпы кайгыга айланып, бардык кыргызстандыктардын жүрөгүн козгогонун баса белгилеп жазуу калтырды. Ал курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн колдоо, ошондой эле ушул оор мезгилде азербайжан эли менен тилектештигин билдирди.



2024-12-26