Бишкекте президенттик балаты өтүп, Эмгек министрлиги аркылуу 250 бала катышты

2024-жылдын 28-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты болуп өттү. Балдар үчүн салтка айланган жаңы жылдык иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.
Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 1000ден ашык бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, балдар үйлөрүнүн кызмат алуучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу 8 жаштан 14 жашка чейинки майыптыгы бар балдар, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле республиканын аймактарынан социалдык-стационардык мекемелердин кызмат алуучулары, жалпысынан 250 бала катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар