Эмгек министрлигинде кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты өттү

2024-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде борбордук аппараттын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүлдү. Министрликтин профсоюзу менен биргеликте уюштурулган иш-чарага майрамдык маанайды жана белектерди чыдамсыздык менен күткөн 20дан ашык жаш бөбөктөр катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук, бактылуу балалык жана аруу тилектердин орундалышын каалады.
Ар кандай оюндар жана бийлер уюштурулган майрамдык программа көңүлдүү жана кубанычтуу өттү. Кичинекейлер үчүн аяз ата жана аяз кыздын катышуусу менен оюн-зоок бөлүгү даярдалган. Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга белектер тапшырылды.

Пайдалуу
Ссылкалар