2025-жылы Эс алуу күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 2025-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди:
1) 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 7-январына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленсин жана жылдырылсын:
– 2025-жылдын 11-январь дем алыш күнү – 2025-жылдын 2-январь иш күнүнө;
– 2025-жылдын 24-февраль дем алыш күнү – 2025-жылдын 3-январь иш күнүнө;
– 2025-жылдын 10-марты дем алыш күнү – 2025-жылдын 6-январь иш күнүнө;
2) 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп белгиленсин жана 2025-жылдын 1-сентябрына жылдырылсын.
Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.

2024-12-30