Эмгек министри Равшанбек Сабиров социалдык кызмат алуучуларды жаңы жылы менен куттуктады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жаңы жыл алдында социалдык кызмат алуучуларга барды.
Сапардын жүрүшүндө министр үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алып жаткан 74 жаштагы Сакен Сейдалиеваны куттуктады. Равшанбек Сабиров аны менен көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапаты тууралуу маек куруп, улгайган жарандарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык кызматкерлерге эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Социалдык камсыздоо системасы бир орунда турбайт, биз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын дайыма жогорулатып, алардын спектрин кеңейтебиз. Бүгүнкү күндө 898 социалдык кызматкер 9,6 миңден ашык улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үйүндө кызмат көрсөтүүдө. Мамлекеттик социалдык саясат социалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн жана жогорку инсандык сапаттарынын аркасында ушунчалык натыйжалуу ишке ашырылууда. Дал ушул адистер өздөрүн асыл ишке – муктаж болгондорго жардам берүүгө арнап, турмуштун оор кырдаалына кабылган жалгыз бой адамдарга, үй-бүлөлөргө жана балдарга күн сайын колдоо көрсөтүп келишет. Бүгүн биз алардын жан аябас эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз,-деди Равшанбек Сабиров.
Министр ошондой эле дагы бир социалдык кызмат алуучуга жана анын жеке асисстентине барды.
“2024-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда “персоналдык ассистент” кызматын 14 976 адам алат, алардын 9 504ү-балдар, ал эми 5 472си-18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар. Бул кызматты киргизүү майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү ассистенттерге пенсия курагына жеткенде пенсия алуу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берет,”-деди ал.
Г.Кожомкулова баласына жеке ассистенттин кызматын көрсөтөт. Ал майыптуулугу бар жарандарга көңүл буруп жаткан өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди. «Буга чейин 4 миң сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул алсак, 2022-жылдан бери бул сумма эки эсеге көбөйгөн. Бүгүнкү күндө 8 миң, ал эми жеке ассистенттин кызматы үчүн мурда 6200 алсак, азыр 7681 сом алып жатабыз», – деди ал.
Министр карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана калктын аялуу катмарына кам көрүү мамлекеттин приоритеттүү милдети экенин баса белгиледи. Министрлик мындан ары да социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барарын билдирди.


