Эмгек министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты кызматкерлерди сыйлады
2024-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өтүп жаткан жылдын салтанаттуу жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чаранын алкагында Министрликтин өнүгүшүнө жана артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга олуттуу салым кошкон кызматкерлер сыйланды.
Иш-чарага Министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк, ведомстволук жана райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров өз сөзүндө ар бир кызматкердин ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, дал ушул биргелешкен аракеттер менен көптөгөн максаттарга жетишилгенин баса белгиледи.
“Акыркы жылдары мамлекеттик саясат олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өлкөбүздө адам капиталын өнүктүрүүгө жана социалдык коргоонун инклюзивдүү системасын түзүүгө басым жасады. Азыркы учурда мамлекет кепилдеген бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылууда, мында социалдык коргоо механизмдери өркүндөтүлүүдө. Министрликтин негизги ийгиликтеринин арасында 2024-жылы калктын аялуу катмарын колдоого, өлкөнүн жарандары үчүн эмгек шарттарын жакшыртууга, миграция процедураларын жөнөкөйлөтүүгө жана эмгекчи мигранттардын укуктарын коргоонун жаңы механизмдерин түзүүгө багытталган жаңы социалдык программаларды ишке ашыруу болду. Өтүп бара жаткан жыл биз үчүн жаңы чакырыктардын жылы болду, бирок сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана берилгендигиңиздер менен биз аны жеңе алдык. Жаңы жылдын алдында бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы кесиптик жеңиштерди каалайм”, — деп белгиледи министр өз сөзүндө.
Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер сыйланып, ыраазычылык каттары жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт.
аступающим Новым годом.





2024-12-30