Эмгек министрлиги: Жаңы жылдык майрам күндөрү интернат үйлөрүндө нөөмөт уюштурулган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жаңы жылдык майрамдарда кызматкерлердин нөөмөт графиги бекитилгенин эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Учурда социалдык камсыздоо системасында 17 социалдык стационардык мекеме иштейт. Аларда 2389 кызмат алуучулар – чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, улгайган жарандар бар.
Ведомстводон билдиришкендей, нөөмөт боюнча мониторинг Министрликтин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө.
Возможно, это изображение текст

Пайдалуу
Ссылкалар