Бишкекте формалдуу эмес ишке каршы чаралар талкууланды

2025-жылдын 23-январында, Бишкекте мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана профсоюздардын өкүлдөрүнүн формалдуу эмес жумуштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү маселелерине арналган жолугушуу болуп өттү.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев формалдуу эмес иш менен камсыз болуу мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугуна гана шек келтирбестен, жарандардын бакубаттуулугуна түздөн түз коркунуч экенин белгиледи.
«Расмий эмгек чөйрөсүнөн тышкары иштеген адамдар акы төлөнүүчү өргүү, камсыздандыруу төлөмдөрү, пенсиялар жана эмгек укуктарын толук коргоо мүмкүнчүлүгү сыяктуу маанилүү социалдык кепилдиктерден ажыратылат», – деп баса белгиледи ал.
Отчетто чагылдырылбастан эмгек акынын накталай түрдө төлөнүшү салык системасын бузат, экономиканын натыйжалуу өнүгүшүнө тоскоол болуп, адилетсиз атаандаштыкка шарт түзөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги татыктуу эмгек стандарттарын камсыз кылуу үчүн олуттуу аракеттерди көрүүдө. Негизги инструменттердин бири – өкмөттүн, бизнестин жана профсоюздардын өкүлдөрүн бириктирген Республикалык үч тараптуу комиссиянын иши. Бул структура экономикалык турмуштун негизги катышуучуларынын ортосундагы конструктивдүү диалогго өбөлгө түзөт. Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, өлкөдө расмий ишке орношуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн, бирок жарандардын өз укуктары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу маанилүү милдет бойдон калууда.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы Кыргыз Республикасындагы тилектештик Борборунун колдоосу менен уюштурду. Жолугушуунун негизги максаты эмгек мамилелерин расмий каттоону жайылтууга багытталган маалыматтык кампанияны өткөрүү болду.
Катышуучулар эмгек келишимдерин түзүүнүн артыкчылыктарын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын азайтууну, ошондой эле эмгек акыны накталай эмес формага өтүүнүн зарылдыгын талкуулашты. Иш-чарага банктардын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, профсоюздар, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдар, министрликтер жана ведомстволор катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар