Кыргызстандыктар үчүн Улуу Британияга болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүү перспективалары талкууланды.
Жолугушуу учурунда министр Улуу Британиянын элчиси менен сүйлөшүүсүндө мындай деп белгиледи:
«Улуу Британиянын айыл чарба секторунда сезондук ишке орношуу программасынын алкагында кыргыз жарандарынын ишке орношуусунда динамикалуу өсүү байкалууда. Кыргызстандыктардын Улуу Британияга ишке орношуу кызматтарынын жыйынтыгында, 2022-жылы 1492 жаран ишке орношсо, 2023-жылы алардын саны 5200гө жетти, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 8131 адамды түздү (анын ичинен 3855и Чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору аркылуу, 4276сы жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу).»
Министр ошондой эле аналитикалык маалыматтарга ылайык, Улуу Британиянын айыл чарба секторунда иштеген кыргыз жарандарынын акча которууларынын көлөмү 100 миллион АКШ долларынан ашканын белгиледи. Бул аз сандагы эмгек мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн акча которуулар өлкөнүн экономикалык өсүшүнө маанилүү таасир берип жатат.
Өз кезегинде элчи Боулер Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын тартиптүүлүгүн жогору баалады. Алар Улуу Британиядагы мыйзамдуу болуу эрежелерин жана мыйзамдарын сактоо менен канча кетишсе, ошончо кайтып келип жаткандыгы белгиледи.
Жолугушууда министр Р.А. Сабиров элчи Боулерге сезондук айыл чарба жумуштарына квоталарды көбөйтүү, визалык процесстерди оптималдаштыруу жана виза арыздарын тапшырууда кошумча төлөмдөрдү азайтуу аркылуу каржылык жүктү төмөндөтүү боюнча сунуштарды берди. Николас Боулер бул демилгелерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын сунуштарын колдоого даяр экенин билдирди. Жалпысынан, эки тарап тең конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн белгилешип, эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтүү өнүгүшүнө умтулууларын билдиришти.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен Улуу Британиянын эмгек миграциясы жаатындагы өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөгө болгон өз ара аракеттенүүнү ырастады жана эки өлкөнүн жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда маанилүү кадам болду.
Пайдалуу
Ссылкалар