Менталдык жактан бузуулары бар балдардын келечеги үчүн биргелешкен колдоо аракеттери

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары К.К. Байдавлетов «Рука в руке» ресурстук борборуна барышты.
Сапардын жүрүшүндө коноктор борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырылып, менталдык жактан бузуулары бар балдарды, анын ичинде аутизм спектри бузулган балдарды колдоо боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты. Негизги көңүл республикада эрте кийлигишүү кызматтарын өнүктүрүүгө, өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борборлордо реабилитациялык кызматтарды киргизүүгө, ошондой эле майыптуулуктун алдын алуу максатында өнүгүүсү артта калган балдар менен иштөөдө жаңы ыкмаларды колдонууга бурулду.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барышты. Борбордо ошондой эле ата-энелер менен балдарды багууну окутууга жана абилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган иштер жүргүзүлөт, бул өнүгүүдө, адаптациялоодо жана бузууларды оңдоодо максималдуу натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөт.
Сапардын соңунда мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү өнүгүү өзгөчөлүктөрү бар балдардын укуктарын коргоого жана инклюзивдүү коомду калыптандырууга багытталган биргелешкен аракеттерди мындан ары өнүктүрүүгө жана колдоого кызыкдар экендигин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар