Равшанбек Сабиров: Жаңы Эмгек кодекси жаштардын глобалдык эмгек рыногуна чыгышын жеңилдетет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Сауд Аравия Падышачылыгында өтүп жаткан эмгек рыногу боюнча глобалдык конференциянын алкагында министрлердин тегерек столунда сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө заманбап эмгек рыногунун алдында турган негизги чакырыктарды белгилеп, жаштардын жумушсуздук көйгөйүн чечүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Дүйнөлүк жаштар арасындагы жумушсуздук актуалдуу маселе бойдон калууда, Эл аралык Эмгек Уюмунун маалыматы боюнча көрсөткүчтөр 15%га жетет, ал эми кээ бир өлкөлөрдө кыйла жогору” деди ал. Министр Сабиров Кыргыз Республикасында жаштар калктын 35%дан ашыгын түзөрүн, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн чакырык да, мүмкүнчүлүк да экенин баса белгиледи.
“Санариптештирүү жана жаңы технологиялар чөйрөсүндөгү тез өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эмгек рыногу өзгөрүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Н.С. Жапаров 2025-жылдын 23-январында аралыктан иштөө үчүн укуктук механизмдерди, ошондой эле электрондук эмгек келишимдерин жана эмгек китепчелерин киргизген жаңы Эмгек кодексине кол койду. Бул инновациялар жаштардын глобалдык эмгек рынокторуна жеткиликтүүлүгүн жеңилдетет, аларга алыстан иштөөгө жана мекенинде калуу менен өлкөнүн экономикасына салым кошууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик “социалдык контракт” программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан жаш ишкерлерге кошумча колдоо көрсөтүлүүдө. Бул демилге жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт”, – деди ал.
Министр Р.А. Сабиров өз сөзүндө жаштарды иш менен камсыз кылуу маселесин чечүү улуттук деңгээлде гана эмес, глобалдык деңгээлде да туруктуу өнүгүүгө маанилүү салым болуп саналаарын баса белгиледи. Ал белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана инновациялык мамилелерди киргизүү келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.
Пайдалуу
Ссылкалар