Эмгек министрлиги социалдык контракт программасын өркүндөтүү алкагында окутуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банктын « Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо » долбоорунун алкагында министрликтин аймактык башкармалыктарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн онлайн-тренинг уюштурду. Окутуу социалдык контракт программасын Айылдык муниципалитеттерди өнүктүрүү борборунун алты айлык коштоо иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга мал чарбачылыгын жүргүзүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, Кыргыз Республикасында бизнес каттоо, салык режимдерин тандоо, салыктарды төлөө мөөнөттөрү жана 2024-жылдагы отчеттуулук тартиби, акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, чакан бизнесте товарлар менен кызматтарды илгерилетүү, кооперация жана тармактык өз ара аракеттенүү, ошондой эле социалдык контракт катышуучуларын натыйжалуу коштоо боюнча маалымат берилди.
Мындан тышкары, 2025-жылга карата арыздарды кабыл алуу учурунда арыз ээлерин кирешелүү бизнес-багыттарга багыттоо максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти менен биргеликте кошумча окутуу иш-чаралары өткөрүлдү. Окутуунун алкагында социалдык контракт программасынын талаптарына ылайык ар кандай мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгүн эсептөө маселелери каралды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аймактык башкармалыктардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган иштерди мындан ары да улантат.
Пайдалуу
Ссылкалар