Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын миграция мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрдү

2025-жылдын 30-январында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Инсан-Лейлек» Коомдук фонду менен биргеликте Бишкек шаарында маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын уюштурду. Иш-чаранын негизги темасы Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарындагы күчүнө кирген өзгөртүүлөр, жарандардын чет өлкөдө жүрүү тартиби жана алардын сапарга чыгууга даярдыгы болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү, министрликтин аймактык (райондук) башкармалыктары, ошондой эле Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында Коопсуз миграция боюнча Окуу модулунун негизинде семинар-тренинг өткөрүлдү. Ага социалдык кызматкерлер, социалдык педагогдор, жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Окуу программасы эмгек жана миграция мыйзамдарынын негизги аспектилерин, миграциялык процесстердин өзгөчөлүктөрүн, мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктерин, чет өлкөдө жүрүүнүн негизги эрежелерин, ошондой эле реинтеграция жана кайтып келүү маселелерин камтыды.
Иш-чаранын жыйынтыгында Эмгек министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жарандар жана мектеп окуучулары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Пайдалуу
Ссылкалар