Бишкекте Билим берүүдөгү инновациялар боюнча Улуттук форум өттү
5-февраль, 2025 – жыл, Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары М.Баймурзаев Бишкекте “Билим Берүүдөгү инновациялар: жумуш берүүчүлөр жана бизнес-ассоциациялар формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана трансформациялоонун драйвери катары”деген темада өтүп жаткан улуттук форумда сөз сүйлөдү.
Министрдин орун басары өз сөзүндө Кыргызстандын эмгек рыногундагы актуалдуу маселелерди чечүүдө бизнес-ассоциациялардын жана иш берүүчүлөрдүн маанилүү ролуна басым жасоо менен аталган форумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Министрлик бизнес-коомчулук менен тыгыз кызматташып, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо процесстерин жакшыртууга күч-аракеттерин жумшоо менен формалдуу эмес билим берүү маселелери менен активдүү алектенет. Бул контекстте формалдуу эмес билим берүү программалары жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жана эмгек рыногунун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт”, — деп белгиледи М.Баймурзаев.
Ошондой эле министрдин орун басары улуттук жана эл аралык стандарттарга жооп берген билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында мамлекеттик органдар менен жеке мекемелердин ортосундагы өз ара байланышты мындан ары да чыңдоо зарылдыгын белгиледи.
“Биздин башкы максат – бизнес — ассоциациялар жана иш берүүчүлөр менен биргеликте жаңы актуалдуу билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруунун үстүндө иштөө”, – деп кошумчалады ал.
Форумдун алкагында эксперттер формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын беришти жана катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу болду. Форумга мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышты.
Иш — чаранын максаты-кызматкерлердин жана уюмдардын кесиптик өнүгүүсү үчүн формалдуу эмес билим берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилөө, ошондой эле аны өркүндөтүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде формалдуу эмес окутуу аркылуу көндүмдөрдү калыптандырууда иш берүүчүлөрдүн ролун аныктоо. Форум ийгиликтүү тажрыйба алмашуу, тоскоолдуктарды жана көйгөйлөрдү аныктоо, билим берүү программаларынын натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле формалдуу эмес окутуу стратегияларын киргизүү жана иш берүүчүлөр, билим берүү провайдерлери жана кесиптик коомчулуктар ортосунда өнөктөштүктү түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү платформа болуп калды.
ровайдерами и профессиональными сообществами.





2025-02-05














