Министр Равшанбек Сабиров министрликтин 2025-жылга карата пландарын ведомствонун коллегиясынын алкагында аныктады
2025-жылдын 7-февралында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында ведомствонун коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2025-жылга карата стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери каралды.
Министр Равшанбек Сабиров министрликтин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары, анын ичинде жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана эмгек миграциясын колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу тууралуу кеңири баяндама жасады. Маанилүү долбоорлордун бири” социалдык контракт ” болуп саналат, анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган.
“Министрлик өзүнүн алдына жарандарды колдоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү максаттарды коюп жатат. Биз үй – бүлөлөрдү, турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды колдоого, ошондой эле эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду активдүү өнүктүрүп жатабыз”, – деп белгиледи министр өз баяндамасында.
Равшанбек Сабиров эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө жооп катары жаңы кесиптерди жана технологияларды киргизүүгө басым жасады. ” Айрым абройлуу институттардын болжолу боюнча 2030-жылга чейин адам баласы иштеген иштердин дээрлик 30% жасалма интелект менен автоматташтырылат. Ал эми кээ бир кесиптер акырындык менен жок болушу мүмкүн. Биздин милдет — учурдун талаптарынан артта калбай, татыктуу эмгек үчүн шарттарды түзүү”, – деп белгиледи министр.
2025-жылы реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүк көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган комплекстүү иштер жүргүзүлөт. “Ысык-Көл жана Ош облустарында заманбап реабилитациялык борборлорду куруу бул тармактагы маанилүү кадамдардын бири болуп калат. 1000 адамга эсептелген бул борборлор эл аралык стандарттарга жооп берет жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды сапаттуу реабилитациялоону камсыз кылат”, — деп белгиледи министр.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү маселелерине көңүл бурулду. Бул контекстте министр министрликтин кызмат көрсөтүүлөрүнүн 80-90% онлайн форматка өтүшү керектигин белгилеп, аларды өлкө боюнча жарандарга жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.
Маанилүү пункт катары миграциялык саясатты талкуулоо болду. Министр миграция процесстерин жакшыртуу жана эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү үчүн Министрлик Москва шаарындагы “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунун Кыргызстандагы филиалын ачуу боюнча долбоорду ишке ашырууну айтты. Бул КР жарандарына РФ аймагында мындан ары ыңгайлуу болуу үчүн бардык зарыл процедуралардан өтүүнү жеңилдетүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда министр министрликтин бардык кызматкерлерине социалдык тармактагы ак ниет жана талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Сыйланган кызматкерлерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Отурумга Министрликтин коллегия мүчөлөрү, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.




