Эмгек министрлиги 2024-жылга кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө билдирет

2025-жылдын 7-февралында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиясы болуп өттү, анда ведомствонун 2024-жылдагы кадр саясаты тууралуу маалыматтар айтылды.
Ведомстволук мекемелердин жана аймактык башкармалыктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле кызматчылардын дараметин туура пайдалануу максатында Министрлик бир катар маанилүү кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүздү.
Төмөнкү жаңы жетекчилер 2024-жылы дайындалган:
* Бир ведомстволук мекеменин жетекчиси жана эки ведомстволук мекеменин жетекчинин орун басарлары;
* Жети аймактык башкармалыктын башчысы жана тогуз башчынын орун басары;
* Беш аймактык башкармалыктын башчысы жана беш башчынын орун басары Министрликтин системасы ичинде ротация ирээтинде дайындалды;
* Ротациянын алкагында социалдык стационардык мекемелердин тогуз жетекчиси башка мекемелердин жетекчилерине которулду.
Министрлик алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн негиз болуп саналган кадрдык потенциалды өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөнү улантууда.
Возможно, это изображение 1 человек

Пайдалуу
Ссылкалар