Эмгек министрлигинин маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын камтыды

2025-жылдын 5-7-февралында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында Россиянын миграциялык мыйзамдарына күчүнө кирген өзгөртүүлөр, ошондой эле жарандардын чет өлкөдө жүрүү тартиби жана аларды чыгууга чейинки даярдоо маселелерине арналган маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы өткөрүлүп, “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун көмөгү менен уюштурулган.
Иш-чарага Эмгек министрлигинин аталган облустардагы аймактык (райондук) башкармалыктары катышты.
Мындан тышкары, кампаниянын алкагында социалдык кызматкерлер, социалдык педагогдор, жалпы билим берүү мекемелеринин жогорку класстарынын окуучулары жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн коопсуз миграция боюнча окуу модулу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
Окуу модулу Эмгек жана миграциялык мыйзамдар, миграциялык процесстер жана мыйзамсыз миграциянын кесепеттери, жарандардын чет өлкөдө жүрүүсүнүн негизги эрежелери, ошондой эле реинтеграция жана кайтып келүүчү миграция маселелерин камтыды.
также вопросы реинтеграции и возвратной миграции.
Пайдалуу
Ссылкалар