Эмгек министрлиги: Карыларга кам көрүү-алардын активдүү, дени сак жана узак жашоосуна кам көрүү
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров Бишкек шаардык “Ардагер” геронтологиялык борборуна барды. Сапардын жүрүшүндө министр медициналык бөлмөлөрдү, спорт залдарды көрүп чыгып, борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен таанышып, эмгек жамаатынын өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, ошондой эле пенсионер – жарандар, майыптыгы бар адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери менен баарлашты.
Министр белгилегендей,”Кыргызстандагы улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саламаттык сактоо жана социалдык колдоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу эсептелет”.
Улгайган жарандарга карата бул прерогатив Конституциянын ченемдери менен бекитилген, ошондой эле улгайган жарандардын укуктарын коргоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, пенсиялык мыйзамдарда, согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө мыйзамдарында, калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бекемделген.
Мындан тышкары, министрлик тарабынан 2025-2030-жылдарга активдүү узак жашоонун мамлекеттик программасы иштелип чыккан”. Документ жакында министрлик жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлөт.
Бул жигердүү узак жашоонун мамлекеттик программасынын алкагында коомду, анын ичинде келечек муундарды активдүү, сергек жана татыктуу узак жашоого даярдоо, ошондой эле демографиялык өтүү шарттарында Кыргыз коомунун туруктуу социалдык – экономикалык өнүгүүсү үчүн негизди камсыз кылуу милдети коюлууда.
Ар бир приоритеттин алкагында милдеттер аныкталган жана аларды чечүү үчүн чаралар сунушталган.
“Ардагер” геронтологиялык борборуна барган Равшанбек Сабиров мындай борборлор өлкөнүн бардык аймактарында болушу керектигин белгиледи.
“Мамлекет алардын көпчүлүгү согуштун балдары болгон кадырлуу аксакалдарына кам көрүүнү көздөйт. Биздин “бактылуу карылык” борборлорубуз бул жерде көрсөтүлгөн медициналык жана социалдык кызматтардын сапаты боюнча чет өлкөлүк аналогдордон кем калбоого жетишүү керек. Бул жердеги адамдар коомго ыңгайлашып, жалгыздыктан качышат. Медициналык жана социалдык кызматкерлер алардын арыздарын угуп, ден соолугуна көз салышат. Келгендер чогуу тамактанышат, физиокабинеттерге барышат, эң негизгиси баарлашышат.
«Улгайган жарандардын ден соолугуна мамлекет камкордук көрөрүн түшүнүү жана баарлашуу карылар үчүн абдан маанилүү», – деп белгиледи министр жана сөзүнүн аягында чогулгандарга ийгилик жана бакубатчылык каалады.
Өз кезегинде борбордун кызматкерлери жана шаар тургундары Равшанбек Сабировго калктын аярлуу катмарынын жашоосун жакшыртууга чечкиндүү болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, социалдык багыттагы милдеттерди тез арада чечкени үчүн министрге ак батасын беришти.
Шаардык геронтологиялык борбор 1994-жылы түптөлүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен тейленет, ал убактылуу жашоого арналган социалдык-медициналык мекеме болуп саналат. Жашоочуларга социалдык кызматтар көрсөтүлүп, үч маал тамактанышат. Квалификациялуу медициналык жардам да бар, зарыл жабдуулар менен жабдылган физиотерапиялык кабинет бар.
Ай сайын борборго 80 адам кабыл алынат, бул жылына 900гө чейин пенсионерлерди, майыптарды жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин түзөт.





2025-02-11