Жаштар такшалмасынын программасы боюнча 81 бүтүрүүчү ишке орношту

2025-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А.Сабировдун жаштар такшалмасы программасын ишке ашыруунун алкагында “Элдик Банк” ААКсында иш сапары болуп өттү.
Сапардын жүрүшүндө министр такшалманын шарттары жана программанын натыйжалары менен таанышты, анда бүгүнкү күндө 12 пилоттук региондо “Элдик Банк” ААКтын филиалдарында 30 жаш адис стажировкадан өтүп жатат жана кыска мөөнөттүн ичинде алардын 7си ушул банкта ишке орношту. Бишкек шаары боюнча 12 жаш адис жөнөтүлүп, төртөө туруктуу жумуш тапкан.
Министр белгилегендей, бул программанын негизги максаты — жаш адистерге баштапкы иш тажрыйбасын алууга, тандап алган адистиги боюнча квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле теориялык окутуу процессинде алган билимдерин жана жөндөмдөрүн иш жүзүндө бекемдөөгө мүмкүндүк берүү. Стажировка программасы башталгандан бери 556 жаш жаран ар кандай уюмдарда стажировкадан өтүп, алардын 81и ийгиликтүү ишке орношкон.
Окуу учурунда бардык стажерлорго 8600 сом өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Программа өз ишин улантууда жана учурда жаштардан жана иш берүүчүлөрдөн практикага катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда.
Министр жаш адистерди колдоо өлкөнүн эмгек потенциалын өнүктүрүүгө жана жаштарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи экенин баса белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар