Кыргызстандын Сауд Аравиясы менен болгон социалдык кызматташуу бекемдейт
2025-жылдын 18-февралында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Сауд Арабия Королдугунун (САК) Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Ради Алради мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки ортодогу социалдык-гуманитардык кызматташуунун абалын олуттуу өсүшүн баса белгиледи.
Калктын аялуу катмарынын
колдоого алуу тууралуу бир катар көрсөтүү долбоорлорунун ишке ашырылышы талкууланды.
Кыргыз Республикасынын жарандарын Сауд Аравияда ишке орноштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты.
Равшанбек Сабиров кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча келишим түзүүнү сунуштап, жумуш издеген адамдар аталган өлкөнүн эмгек айдынындагы талаптарына жооп бериши үчүн алдын ала даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
2022-жылдан бери Король Салмандын гуманитардык борбору Кыргызстанга жыл сайын 25 тонна курма жеткирүү түрүндө бекер жардам көрсөтүп келет.
Ал эми азыркы учурда “Азык-түлүк кутуча” аталышындагы гуманитардык долбоордун алкагында аялуу категорияларына азык-түлүк пакеттерин таратылып келе жатат.


