Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмүн алуучулардын айрым категорияларына жогорулатуу боюнча
Кыргызстан “афганчыларга” жана “чернобыльчыларга” социалдык жардамды күчөтөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (ЭСКММ), социалдык жактан коргоого алынган жарандардын айрым категориясын колдоону күчөтүү максатында, ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды алуучулардын айрым категориясын социалдык колдоону күчөтүү максатында, Афганистан аймагында согуш аракеттеринин катышуучуларына жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатууну караган тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты.
Бүгүнкү күндө, долбоор тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилген.
Ченемдик укуктук акты кабыл алынган учурда, Афганистан аймагында согуш аракеттеринин катышуучулары жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 2025-жылдын 1-январынан тартып кайра эсептелип берилет.
Мамлекеттик колдоонун бул ченеми, табигый төмөндөөдөн улам жыл сайын азайып бараткан, Афганистан согушуна жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кам көрүү максатында кабыл алынган.
2025-02-19