Эмгек министрлиги КРнын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында социалдык кызматкерлерди окутуу программасын киргизүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык кызматкерлердин жаңы 550 штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ишке киргизүүнүн даярдык көрүү этабын баштады. Буга байланыштуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен кызматташтыкта балдарды коштоого адистешкен социалдык кызматкерлер үчүн окутуу программасы ишке киргизилди.
Программа балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүчү социалдык кызматкерлердин негизги көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган теориялык жана практикалык компоненттерди камтыйт. Бул социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү унификациялоо жана калктын ар кандай топтору, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
5 күндүк интенсивдүү окутуунун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүлөрдү өздөштүрө алышат:
Социалдык иштин негиздери жана Кыргызстандагы азыркы кырдаал;




Окутуу бүткүл өлкө боюнча өткөрүлүүдө жана ар кайсы аймактарда улантылат, бул мүмкүн болушунча көбүрөөк социалдык кызматкерлерди тартууга мүмкүндүк берет.
Бул тренинг Кыргызстандагы балдарды социалдык жактан коргоо тутумун чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана турмуштук оор кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Программа Европа биримдигинин жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.





2025-02-21